Казакстандыктар чет элдик валютада насыя алууну азайтты. Буга үстүбүздөгү жылдын көрсөткүчтөрү күбө. Жалпысынан аталган мезгилде экономикадагы банк насыяларынын көлөмү 19,5 триллион теңгени түзсө, анын 8,3 пайызы же 1 триллион 600 миллиард теңгеси чет элдик валютада берилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга аз - деп маалымдайт Ranking.kz порталы. Ошондой эле, Казакстанда жеке адамдардын чет элдик валютада алган насыялары эки эседен ашык азайып, 14 миллиард 600 миллион теңгени түздү. Казакстандын аймактарынын ичинен чет элдик акча менен иштетилген насыялардын 73 пайызы Алматыга тиешелүү. Андан кийин Чыгыш Казакстан облусу жана Шымкент шаары турат. Ошентип, өлкөдө валюталык насыялардын портфели тарыхый минимумга жетип, мындан жыйырма жыл мурунку көлөмдөн төмөн экени байкалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков