Казакстанда жибек жалбырактарынан чай өндүрүлө баштайт. Түркестан
облусунда жибек өстүрүү жана кайра иштетүү пландаштырылууда. Аймакта азыртадан
эле ишкананын курулушу жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бир жарым млрд
теңгеден ашык инвестиция салынды. Долбоор Түркестан облусунда кайра иштетүү
өнөр жайын өнүктүрүүгө жана айыл чарбасын ар тараптандырууга өбөлгө түзөт деп
күтүлүүдө.
Өмирсерик Алтынбаев, Келес району ишкердик жана айыл чарбачылыгы бөлүм
башчысынын милдетин аткаруучу:
- 2024-жылы Кытай мамлекети менен келишим түзүлүп, тыт
көчөттөрү алынып келинип, Бирдилек айылдык округунда 50 сотых аянтка тыт
көчөттөрү отургузулуп, Казакстандын райондук климатына ылайыкташып, өсүү
процессинде. Алдыдагы убакытта бул 60 гектардык айдоо жерине тыт көчөттөрүн отургузуу
пландаштырылган. Ошол иштер
башталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

