Тажикстандын Согди эркин экономикалык аймагында жаңы
ишканалар ишке кирди. Өлкөдөгү 4 атайын өнөр жай аймагынын бирине инвесторлорду
тартуу үчүн бир катар салыктык жана бажылык жеңилдиктерди сунуштайт. Учурда
аталган участокто 40тан ашык өндүрүш борборлору ар кандай багытта иш алып
барууда. Алардын арасында курулуш материалдарын чыгаруучу завод да бар.
Ильхом Мухаммедов, менеджер:
- Имараттардын фасадына арналган панелдердин бир нече түрүн жасайбыз. Алардын түзүлүшү таш сыяктуу көрүнгөнү менен, алар абдан жеңил жана кураштырууга ыңгайлуу.
Бул ишканада желимден жана алюминийден жасалган курулуш
материалдарын чыгаруу жолго коюлат. Заводдун адистери алардын өнүмдөрү импорттун
ордун толтуруу үчүн атаандаштыкка туруштук берерине ишенишет.
Мухсин Абдусатторзода, ишкана адиси:
- Завод Евро стандарттын талаптарына ылайык даяр желим жана
алюминий буюмдарын чыгарат. Жылына 6000 тоннага чейин желим өнүмдөрүн чыгарууга
жөндөмдүү. Бул өндүрүштүк кубаттуулукту 3 жылда 8 миң тоннага чейин арттырат
деп күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, эркин экономикалык аймактын ишканалары
өндүргөн өнүм негизинен Борбор Азия
өлкөлөрүнө, Орусия, Кытай жана Ооганстанга жеткирилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

