Астанада «Казакстан – Болгария» бизнес-форуму өттү

Астанада «Казакстан – Болгария» бизнес-форуму өттү

Транспорт, туруктуу энергетика, агробизнес, фармацевтика жана санариптик технологиялар. Казакстан менен Болгария ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизги секторлор, президент Астанадагы бизнес-форумда белгиледи. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев болгар компанияларын «Астана» эл аралык каржы борборунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө жана анын эко-системасына кошулууга чакырды. Казакстан Европа менен Кытайдын ортосундагы кургактагы ташуулардын 85%ын камсыздайт. Өткөн жылы эле Транскаспий же «орто коридор» деп аталган жүк ташуулар 62%га өсүп, 4 жарым миллион тоннага жетти. Казакстан менен Болгариянын өз ара аракеттешүүсүнүн кийинки багыты — агросектор болуп саналат. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Биздин айыл чарба өнүмдөрү дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнө экспорттолгон. Жыл сайын сегиз миллион тоннадан ашык буудай жана эки миллион тонна ун менен камсыз кылган Казакстан дүйнөдөгү эң ири дан экспортоочулардын ондугуна кирет. Биз болгариялык өнөктөштөр менен эт жана сүт азыктарын, балды, өсүмдүк майларын өндүрүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Шымкент шаарында Lekkerbek компаниясынын этти кайра иштетүүгө инвестиция салууга кызыгуусун кубаттайбыз. Бул долбоор аймактын экспорттук дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Болгариялык ишкерлер Казакстандын түштүгүндө эт иштетүүчү завод курат. Бул долбоорго алар 20 миллион евро инвестиция салууну көздөп жатышат. Бизнес форумда эки өлкөнүн ишкерлери келишим түзүштү. Мындан тышкары, болгариялык өнөктөштөр менен сүт азыктарын, балды, өсүмдүк майларын өндүрүүдө кызматташтыкты өнүктүрүү болжолдонууда. Адистердин айтымында, кызыгуучулук кокусунан эмес. Болгариялык ишкерлер үчүн Казакстан Борбор Азия аймагындагы базарларга жол ачат. 

Мадияр Султанбек, «KAZAKH INVEST» улуттук компаниясынын төрагасынын орун басары: 

- Ири трансулуттук компаниялар үчүн биздин ички рынок анча чоң эмес – болгону 20 миллион калк. Ал эми Борбор Азия тууралуу сөз кылганда, бул 80 миллион калк. Сиздерге соода коридорлорду өнүктүрүү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Соода коридорлорун өнүктүрүүнүн аркасында биз Жакынкы Чыгышка, Түштүк-Чыгыш Азияга, глобалдык түштүк өлкөлөрүнө жана Евробиримдик өлкөлөрүнө чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Бул, албетте, инвесторлор өз өнүмдөрү үчүн дараметтүү рынок катары көргөн нерсе. Ошондуктан, биздин географиялык жайгашуубуз, ачык жөнгө салуу жана инвесторлорду колдообуз чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кызыктуу болуп саналат. 

Бүгүнкү күндө Казакстан Болгарияга металлургия жана химиялык өнөр жай өнүмдөрүн экспорттойт. Бул жез, ферро эритмелер, уран, мунай өнүмдөрү, цинк жана алюминий. Ал эми Болгариядан өлкөгө фарм өнүмдөр, химиялык жана электротехникалык өнөр жай, унаа куруу товарлары алынып келинет. 

Которгон: Илгиз Жамлабеков