Казакстан экономиканын санариптик трансформациясын тездетүүдө

Казакстан экономиканын санариптик трансформациясын тездетүүдө

Казакстанда Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматтарды иштеп чыгуу борбору түзүлөт. Ал фискалдык көзөмөл чөйрөсүндөгү маалыматтарды талдап, башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат. Мунун аркасында салык органы санариптештирүүнүн флагманына айланат. Жалпысынан өкмөт экономикага AI-технологияларын жигердүү киргизүүдө. Мисалы, жасалма интеллекттин куралдарын колдонгон Smart Data Finance системасы салык мыйзам бузууларын аныктоого жана салык төлөөчүлөрдүн санариптик профилдерин түзүүгө жардам берет. Платформага 70тен ашык маалымат булагы туташтырылган, жылдын аягына чейин алардын саны жүздөн ашат. Жаңы чечимдердин арасында ошондой эле өлкөнүн Улуттук банкы жана «Санариптик жибек жолу» менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Санариптик КНС» долбоору бар. Акыркысы жүктөрдүн кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө, жолдордун жана бажы постторунун толуп калганын аныктоого мүмкүндүк берет.

Олжас Бектенов, Казакстан премьер-министри:

- Экономикалык жана салыктык туруктуулукта, санариптештирүүдө жана бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүүдө сапаттуу жана комплекстүү чечимдер керек. Президент Казакстан элине кайрылуусунда санариптештирүүнүн жана жасалма интеллект элементтерин киргизүүнүн негизинде экономиканын бардык тармактарын жаңылоо зарылдыгын баса белгиледи. Бул стратегиялык милдет. Бардык тармактык министрликтер өз тармактарын толук санариптештирүүнү камсыз кылышы керек. Экономиканы санариптик трансформациялоонун алкагында Мамлекеттик кирешелер комитети мамлекеттик органдардын арасында санариптештирүүнүн флагманы болушу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков