Казакстандын экономикасына чет элдик түз инвестициянын агымы жыл сайын 25 миллиард долларга жакын болушу керек. Бул тууралуу өлкөнүн 2026-жылга чейинки инвестициялык саясатынын концепциясында жазылган. Премьер-министр KAZAKH INVEST улуттук компаниясына өлкөгө ири корпорацияларды тартуу милдетин койду. Алихан Смаилов белгилегендей, чет элдик инвесторлор менен активдүү иш алып баруу жана колдо болгон бардык каражаттарды пайдалануу зарыл. Бул үчүн өкмөт тарабынан бардык шарттар түзүлгөн. Өз кезегинде компания өткөн жылы дээрлик бардык көрсөткүчтөрдү аткарууга жетишкенин белгилейт. Ал эми 2022-жылы алардын колдоосу менен жалпы суммасы 6 миллиард доллардан ашык 45 инвестициялык долбоор ишке ашырылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков