Стамбулда Алтын Ордонун башкаруучусу Жанибек Хан үчүн XIV кылымда жазылган эки кол жазма табылды. Биринчиси 1334-жылы Жанибек ханзаада болуп турганда араб тилинде, ал эми экинчи кол жазма 1350-жылы хан бийлигин алганда перс тилинде жазылган. Булардын биринчисинде Жанибек хандын түпкү атасы Чыңгыз хандан өз атасы Өзбек ханга чейин алтын менен оюп түшүрүлгөн негизги текстте хикметтер жөнүндө айтылат. Бул тарыхый мурасты окумуштуу Өмирбек Канай таап, Алматынын борбордук мамлекеттик архивине электрондук версиясын алып келди. Азыр араб, перс адистери жана тарыхчылар транскрипцияны биргелешип түзүп, өткөрүп жатышат. Кийинчерээк өзүнчө китеп катары чыгаруу пландаштырылууда. Бул иштер «Архив-2025» комплекстүү планынын алкагында ишке ашырылган.
Өмирбек Канай, Борбордук мамлекеттик архивдин илимий кызматкери:
-Бул эки тарыхый чыгарма тең тарыхый баалуулугун арттырган бир эле далилдерди бөлүшөт. Ал эки китептин ички мукабасына Осмон империясынын башкаруучусу экинчи Биязидттин жеке мөөрүн басып чыгарган. Эгер Осмон султанынын мөөрү басылып чыкса, анда Алтын Ордодон Осмон сарайына белек катары келген китеп болушу мүмкүн деп божомолодоого болот.
Которгон: Назира Бегалиева