Түркестандын археологдору байыркы жоокер көмүлгөн көрүстөндү тапты

Түркестан аймагынын археологдору эки миң жылдык тарыхы бар байыркы көрүстөндү табышты. Катакомба көмүлгөн курулуштары бир эмес бир нече  бөлүктөн турат. Алардын биринде үч метр тереңдиктен байыркы жоокердин сөөктөрү табылган. Аны менен кошо көмүлгөн көптөгөн баалуу буюмдар археологдордун олжосуна айланды. 

Александр Подушкин, университет профессору:

– Бул жоокер көчмөндөрдүн урпагы. Буга көмүлгөн атрибуциясы далил. Темир жебенин учтары жана ооздук сыяктуу ат жабдыктарынын бир нече түрлөрүнүн болушу көчмөндөргө таандык салт. Жоокердин сөөктөрү түгөл эмес, омурткасы жана кабыргалары такыр жок. Ал башында соот менен көмүлгөн жана ал күмүштөн же колодон жасалган болушу мүмкүн.

Адистердин айтымында, бир мүрзө толугу менен тонолуп, ал эми экинчисинде адамдын сөөгү жана жакшы сакталган ашкана кумурасы, темир буюмдар табылган. Көрүстөнгө зыян келтирбөө үчүн археологдор жаңы ыкманы колдонушкан. Алар мүрзөнү ачуу үчүн тар коридор-дромосторду пайдаланышкан. Бул табигый ландшафтты бузбастан археологиялык казууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул жолу Силбели капчыгайындагы тоо өрөөнүнө зыян келтирилген жок.

Гүлмира Стамкулова, археолог:

– Биз казуу иштерин дромос аркылуу жүргүздүк. Мындай көрүстөндөрдүн астыңкы кабатындагы курулушу абдан көңдөй жана кууш. Негизинен бул жерде төртүнчү жолу казуу иштерин жүргүзүп, жыл сайын баалуу мурастарга жолугуп жатабыз.

Археологдор Силбели капчыгайы жаңы ачылыштарды ачарына ишенишет. Ошондуктан иш уланып жатат. Кийинки экспедиция келерки жылга мерчемделген. Ал эми табылгалар мындан ары изилдөө үчүн Казакстандын Борбордук мамлекеттик музейине тапшырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков