Казакстандык эки өспүрүм АКШда өтүүчү технологиялык мелдешке барышат. 8 жаштагы Айша менен Ева жасалма интеллекттин жардамы менен мобилдик тиркемени ойлоп табышты. Ал тили менен кулагында кемчилиги бар балдардын сүйлөө жана угуу жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет. Эми жаш таланттар Кремний өрөөнүндө оригиналдуу ойлоп табууну коргошот. Анда «Technovation girls 2024» Эл аралык IT сынагынын жыйынтыктоочу тести өткөрүлөт. Ага 70 мамлекеттен келген өспүрүмдөр катышат.
Айша Есет, Technovation Girls 2024 сынагынын финалисти:
-Ева экөөбүздүн Айлина деген досубуз бар. Ал угуусу начар төрөлгөн. Биз анын башка балдар сыяктуу жашоосун каалагандыктан ушул колдонмону ойлоп таптык.
Ева Журкина, Technovation Girls 2024 сынагынын жеңүүчүсү:
-Бул колдонмо келечекте миллиондогон балдарга жардам берет деп үмүттөнөбүз. Эми анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүнү ойлоп жатабыз. Ошондуктан программалык тилдердин санын көбөйтөбүз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков