Мамлекеттик тилди алдыңкы технологиялардын жардамы менен өнүктүрүү кызуу жүрүүдө

Мамлекеттик тилди алдыңкы технологиялардын жардамы менен өнүктүрүү кызуу жүрүүдө

Казакстанда стартап эко-системасы күч алууда. Муну менен катар, казак тилиндеги инновациялык долбоорлордун саны көбөйүүдө. Алар өлкөнүн маданиятын, каада-салтын өнүктүрүп, улуттук баалуулуктарды даңазалашат. Санариптик стартаптар ар кандай куралдарды кеңири колдонуп жатышат. Алар мобилдик тиркемелерди жана билим берүү платформаларын түзүүдөн баштап, салтка жана легендага негизделген мультимедиялык долбоорлорду камтыйт. Баары балдар жана өспүрүмдөргө арналган. Суроо-талапка ээ долбоорлордун бири-жасалма интеллекттин негизинде технологияларды колдонуу менен мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү. Бул максатта азыр казак тилин үйрөнүү үчүн уникалдуу жардамчы боло турган QazaqLingo тиркемеси иштелип чыгууда.

Рауан Кенжехан уулу, «Казак тили» Эл аралык бирикмесинин президенти:

- Быйыл казак тилин өз алдынча үйрөнүү максатында түзүлгөн «KazakhLingo» тиркемесин ишке киргизебиз. Ал6 көпчүлүккө жакшы тааныш англис тилин үйрөнүүгө арналган English Grammar методологиясынын негизинде түзүлдү. Башталгыч, орто жана жогорку деп аталган үч деңгээлди камтыйт. Бул ыкма бизге оптималдуу көрүндү. Ошондуктан методисттерди, адистерди тартып, көп каражатты, убакытты бөлдүк. Эми бул базанын негизинде тиркеме жасалып жатат. Азыр ал тесттик сыноодон өтүүдө. Тиркемени ыңгайлуу жана кызыктуу кыла алабыз деп үмүттөнөм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков