Казакстанда жаш геологдордун эл аралык талаа олимпиадасы өтүүдө

Казакстанда жаш геологдордун эл аралык талаа олимпиадасы өтүүдө

Казакстан, Беларус, Орусия, Кыргызстан жана Өзбекстандын жаш геологдору Акмола облусунда уюштурулган VII Эл аралык талаа олимпиадасында жолугушту. Анда жалпысынан 220 окуучу, бардыгы 20 команда үйрөнгөндөрүн ортого салууда. Мелдештер талаа токтоочу жайларды уюштуруу, коопсуздук техникасынын негиздери, палеонтология, магнитометрия, минералогия жана петрография, гидрология, мунай жана газды издөө, геологиялык кесүү жана чалгындоо сыяктуу бир нече багыттар боюнча өтүп жатат. Уюштуруучулар интеллектуалдык таймаш аркылуу жаш муундун көңүлүн геоэкология, жер казынасы жана жаратылышты коргоо маселелерине бурууну максат кылышууда. Сынактын жыйынтыгында мыкты деп табылган окуучуларга Казакстандын жогорку окуу жайларында окууга мүмкүнчүлүк берген гранттар ыйгарылат. Ошондой эле жеңүүчү команда келерки жылы Бүткүл орусиялык жаш геологдордун олимпиадасында өлкөнүн намысын коргойт.

Галым Нуржанов, «жаш геолог» корпоративдик фондунун камкорчулук кеңешинин төрагасы:

Биздин Казакстандын кең жеринде изилденбеген кен жайлары бар. Ар кандай сейрек кездешүүчү металлдар бар. Анын баарын издеген Каныш агаларыбыздын келечеги ушул балдардын арасында. Биз аларды ачышыбыз керек.


Бул жаатта 2022-жылы Казакстанда геология тармагын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынганын айта кетүү керек. Анын 4 багытынын бири адистердин жетишсиздигин чечүү. Бүгүнкү күндө республиканын 9 жогорку окуу жайы геологдорду даярдайт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков