Жарандык позициясын көрсөткөндөрдүн көпчүлүгү студенттер, туристтер, ишкерлер, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болушту. Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларында ачылган үч шайлоо участогунда тең шайлоочулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, алыскы аймактардан келген студенттерге транспорт менен камсыздалды. Мындан тышкары ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкаларына бара албаган казакстандыктар үчүн көчмө комиссия уюштурулду.
Мерей Мукажан, №286 шайлоо тилкеси комиссиясынын мүчөсү:
Айрыкча, студенттердин санын белгилей кетүү керек. Белгилүү болгондой, Түркияда 8 миңден ашуун казак жаштары билим алууда. Азыр жер титирөөдөн улам онлайн форматта окуганына карабай бул жакка келгендер көп. Алар жарандык укугун аткарышты.
Чет өлкөдөгү акыркы шайлоо участкасы АКШнын Сан-Франциско шаарында жалган куран айынын 20да Астана убактысы боюнча таңкы саат 9да жабылды. Бул шаардан тышкары Вашингтон жана Нью-Йоркто жайгашкан Казакстандын дипломатиялык кеңселеринде дагы эки шайлоо участогу уюштурулган. Белгилей кетсек, АКШда консулдук каттоодо Казакстандын беш жүзгө жакын жараны бар. Жалпысынан Америкада жүз миңден ашуун казакстандыктар жашайт. Эске сала кетсек, чет өлкөдөгү казакстандыктар үчүн 62 өлкөдө 77 шайлоо тилкеси уюштурулду. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Парламент Мажилиси депутаттарын кезексиз шайлоодо 5 миңге жакын мекендеш чет өлкөдөгү шайлоо участкаларында өз тандоосун жасады. Бул жалпы шайлоочулардын 72%ын түзөт. Өлкөнүн сыртындагы шайлоочулардын жалпы саны 12 миңден ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков