Чет элдик саясатчылардын пикири

Чет элдик саясатчылардын пикири

Кезексиз президенттик шайлоо өлкөдөгү саясий системанын жаңылануусуна шарт түзөт. Чет элдик талдоочулар менен саясат таануучулар Казакстандагы кезексиз шайлоо боюнча өз пикирлерин билдиришти. 

Казакстандагы саясий процесстердин жандануусу – мезгил талабына жооп берген эффективдүү реформа. Борбор Азиядагы геосаясий кырдаалды изилдеген франциялык серепчи президенттин 7 жылдык ыйгарым укуктарын ушундайча баалады. Ал кезексиз шайлоону өткөрүү өлкөдөгү саясий системаны кайра курууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Эммануэль Дюпюи, Европадагы талдоо жана коопсуздук институтунун президенти:

Президентти эки жолу 5 жылдык мөөнөткө шайлоодон баш тартып, бир жолу 7 жылдык мөөнөткө шайлоо менен бийликти монополияга айландырууга каршы жасалган кадам. Пландуу 2024-жылга чейин шайлоо өткөрүү чечими бул оюмду кубаттайт. Албетте, бул өлкөдөгү саясий жана институционалдык структураны жаңыртуу же кайра карап чыгуу ниетинен кабар берет.

Бельгиянын Diplomatic World басылмасынын баяндамачысы, мурда өзгөчө активдүү болбогон аялдар менен жаштардын шайлоо процессине жигердүү катышып жатканын атап өттү.

Альберто Тюркстра, DIPLOMATIC WORLD басылмасынын баяндамачысы, саясат таануучу:/Бельгия/

Шайлоо процессин ачык өткөрүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуштары эске алынууда. Саясий реформалар узак мөөнөттү талап кылган жараян. Казакстанда саясий турмуш жанданганын байкап жатабыз. Саясий бийликти борборлоштурбай аймактардын, шаарлардын ыйгарым укуктары күчөп баратат. Жеке мен шайлоого катышуунун деңгээли мурункуга караганда бир топ жогору болот деп ишенем. Буга дүйнө өлкөлөрүндөгү ар кандай саясий кырдаалдар түрткү болууда. Бул шайлоодо элдин активдүүлүгү артаары анык.

Кайра шайлануу укугу жок жети жылдык бир гана мөөнөт – бул жаңы демократиянын өнүгүү жолу. Анткени элге альтернатива керек болгондуктан, бир адамдын узак башкаруусунан чарчайт дейт америкалык талдоочу Себастьен Пейруз.

Себестьен Пейруз, эл аралык IERES мамилелер мектеби, Борбордук Азия программасы боюнча профессор:

ЕККУнун байкоочулары шайлоо күнү добуш берүү кандай өтүп жатканын, кандайдыр бир тоскоолдуктар бар-жогуна көз салат. Ар бир шайлоо участогуна барып, бизге берилген форманы толтурабыз. Бир күндө 7-10 шайлоо участогун кыдырып, шайлоо мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөйбүз.

Саясат таануучулар, эл аралык серепчилер казакстандыктардын саясий жигердүүлүгү жогорулагандыгын жана демократиялаштыруу жанданганын баса белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков