Касым-Жомарт Токаев Пакистандын
Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Казакстандын
президенти премьер-министр Шахбаз Шарифке жакшы каалоолорун айтты. Мамлекет
башчысы Астана менен Исламабаддын ортосундагы мамилелердин достук мүнөзүнө көңүл
буруп, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди мындан
ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, телеграммада Пакистан
көз
каранды эместиктин алгачкы күндөрүнөн тартып өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жана
суверенитетин чыңдоодо жакшы ийгиликтерге
жетишкендиги белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков