К. Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясы алкагында мамлекет башчылары менен жолугушуу өткөрдү

К. Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясы алкагында мамлекет башчылары менен жолугушуу өткөрдү

БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Казакстандын президентинин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн программасы бир нече жолугушуулар менен ачылды. Касым-Жомарт Токаев Словения лидери менен соода-экономикалык, транспорт-логистика жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулады. Логистика жана IT тармактары да четте калган жок. Сүйлөшүү учурунда Борбор Азия менен Казакстандын эл аралык аренадагы ролу өсүп жатканы белгиленди. Президент Словения өлкөнүн Евро Биримдиктеги маанилүү өнөктөшү экенин айтты.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Сиздерди расмий түрдө Казакстанга келип кетүүгө чакырам. Келерки жылы кулжа айынын ортосунда өлкөдө эл аралык Астана форуму өтөт. Анда саясий жана экономикалык маселелер талкууланат.

Мамлекет башчы Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен казак-иран кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулады. Тараптар транспорт, логистика жана соода тармагында кызматташууну арттыруу боюнча комплекстүү чараларды көрүү маанилүү экенин белгилешти. Атап айтканда, Каспий деңизи аркылуу өз ара соода жана жүк ташууларды чыңдоо үчүн «Казакстан-Түркмөнстан-Иран» темир жолунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу абалы белгиленди. Президент Бандар-Аббас портунда Казакстандын соода терминалын куруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Биз виза процедуралары жана адамдар менен бизнес мамилелер боюнча абдан пайдалуу келишимдерге жетиштик. Казакстан Иран менен кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигинин белгилегим келет.

Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Финляндия, Эстония жана Венгриянын президенттери менен өз ара сооданы көбөйтүү жана түрдүү тармактарда кызматташууну бекемдөө келечектерин талкуулады.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Биздин өлкө Венгрия менен тыгыз кызматташууну жолго салганын белгилегим келет. Мамлекеттерибиздин ортосунда абдан ишенимдүү, салттуу мамилелер түзүлдү. Биз эки тараптуу кызматташтыктын азыркы деңгээлин жогору баалайбыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Казакстанга келип кетүүгө чакырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков