МАГАТЭ өкүлдөрү Казакстанда

МАГАТЭ өкүлдөрү Казакстанда

Учурда МАГАТЭнин өкүлдөрү өлкөдө миссия менен жүрүшөт. Адистер республикага атомдук энергияны өндүрүүнүн технологияларын киргизүү, эң башкысы аны кантип коопсуз жүргүзүү боюнча сунуштарды беришет.

Мехмет Джейхан, Казакстандын өзөктүк энергетикалык программасы боюнча комплекстүү тобунун жетекчиси:

Миссияга катышуу үчүн 3 адам келди. 2016-жылы Энергетика министрлиги МАГАТЭ үчүн өзөктүк инфраструктураны өнүктүрүүнүн абалы жөнүндө отчет даярдаган. Анын милдети бардык зарыл болгон изилдөө жыйынтыктарын чогултуу, ошондой эле Өкмөткө чечим кабыл алууга жардам берүү болуп саналат. Эми биз отчетту иштеп чыгуунун абалын көрүп, бул убакыттын ичинде жер-жерлерде кандай ийгиликтерге жетишкенин көрө алабыз.

МАГАТЭнин өкүлдөрүнүн айтымында, Казакстан атомдук энергияны пайдалануу боюнча сунуштарды алуу үчүн 19 түрдүү пунктту аткарышы керек. Бул контекстте технология жана адам ресурстары гана эмес, ядролук калдыктарды башкаруу жөндөмдүүлүгү да маанилүү. Тиешелүү мыйзам болуш керек. Казакстанда ал миссия өкүлдөрүнүн сунушу менен кабыл алынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков