Президент Касым-Жомарт Токаев Минск шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары Эгемендүүлүк сарайында алгач чакан форматта жолугушуп, экономикалык интеграцияны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жолугушууга Беларусь, Кыргызстан жана Орусиянын президенттери катышып, Армениянын премьер-министри видеобайланыш аркылуу кошулду. Андан соң мамлекет башчылары кеңейтилген курамда жолугушуп, Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги өнөктөштөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өнөр жай, транспорт жана логистика, айыл чарба сектору, санариптештирүү жана жасалма интеллект сыяктуу негизги тармактарда өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы келечеги каралды. Келерки жылы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Казакстан төрагалык кылат. Жолугушуунун соңунда Монголия менен соода келишими жана Бириккен Араб Эмираттары менен экономикалык өнөктөштүк келишими сыяктуу бир катар документтерге кол коюлду.
Которгон: Назира Бегалиева

