Мамлекет башчысы Премьер-министр Олжас Бектеновду кабыл алды

Мамлекет башчысы Премьер-министр Олжас Бектеновду кабыл алды

Экономикалык реформалардын ишке ашырылышы тууралуу Мамлекет башчысына өлкөнүн Премьер-министри баяндады. Казакстандын президенти өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат алды. Ошентип, ушул жылдын алгачкы эки айында экономиканын өсүшү 5,4%ды түздү. Олжас Бектенов ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлордун, санариптештирүүнүн, улуттук курултайдын төртүнчү жыйынында мамлекет башчысы койгон милдеттердин үстүндө иштер жүрүп жатканын билдирди. Касым-Жомарт Токаев республикалык штабдын ишинин алкагында суу ташкынына каршы иш-чаралар тууралуу отчетту укту. Кырдаалга мониторинг күнү-түнү жүргүзүлүп, 37 миңден ашуун кызматкер жана 13 миң техника даярдалды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков