Түркия менен Казакстан 180 млн долларлык келишимге кол койду

Түркия менен Казакстан 180 млн долларлык келишимге кол койду

Анкарада өткөн бизнес форумда Казакстан менен Түркия 180 миллион долларлык 10 келишимге кол койду. Тактап айтканда, бул даяр өнүм экспорту, логистикалык хаб менен бир катар заводдордун курулушу. Иш-чара Казакстандын премьер-министринин катышуусунда өттү. Сапардын алкагында Олжас Бектенов Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, өлкөнүн вице-президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле, түркиялык ири холдингдердин жана компанияларынын өкүлдөрү менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады. Өлкөнүн өкмөт башчысы данды терең кайра иштетүү, көмүр химиясы, мунай-газ өнөр жайы, мунай-химия жана кошула турчу баасы жогору өнүмдөрдү чыгарууга мүмкүндүк бере турган биргелешкен долбоорлор көңүл борборунда экенин белгиледи. Премьер-министр бизнес өкүлдөрүнө кайрылуусунда өкмөт өлкөдө бизнесин жүргүзүп, маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну каалагандарга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри: 

– Казакстандын өкмөтү алдыңкы технологияларды трансферттөө, өндүрүштөрдү локализациялоого жана терең кайра иштетүүчү кластерлерди түзүүгө инвестициянын көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Өзүңүздөр байкагандай, Казакстандын инвестициялык дарамети абдан чоң. Ал эми Түркия мамлекети менен эки тарапка тең пайдалуу бизнес жүргүзүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

Хусейн Акин, AKPLAS компаниясынын башкы мүдүрү: 

– Казакстанда заманбап ирригациялык системалардын өндүрүшүн курууну пландап жатабыз. Бүгүн ушул максатта Кызылорда облусунун акимчилиги менен келишим түздүк. Бул долбоор Казакстандагы жана Борбордук Азиядагы эң ири заводго айланат. Муну менен катар, Казакстанга ирригация тармагындагы алдыңкы технологияларды киргизүүнү көздөөдөбүз. Кеп жабдыктарды монтаждоо гана эмес, ошондой эле, Казакстанда аталган өндүрүштүн толук циклин түзүүнү пландап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков