Казакстандык окумуштуулар дагы бир жаңычылдыкты сунуштады. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин адистери зыяндуу заттары азыраак брикеттелген көмүрдү иштеп чыкты. Бул үчүн окумуштуулар төмөнкү сорттогу тоо көмүр түрүнө осциллатория өңдүү бактерия кошкон. Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, микробалырлар өнүм курамындагы күкүрт көлөмүн бир топ азайтууга жөндөмдүү болуп чыкты. Ата мекендик окумуштуулар иштеп чыккан өнүм түрү экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Ал көмүрдү жагуу учурунда өтө кооптуу көк түтүндүн таралышын чектейт. Бирок пайдалуу касиеттери муну менен эле чектелбейт. Себеби, бул ойлоп табуу тамак-аш өнөр жайы, жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү, жаратылыш жана башка тармактарда ата мекендик өндүрүшкө пайда алып келет.
Алан Аймагамбетов, Казак-немис-кытай эл аралык микробиология колдонмо илимий-изилдөө лабораториясынын кичи илимий кызматкери:
– Казакстан көмүрүнүн 70-80% төмөнкү сорттогу көмүр. Ошондуктан көпчүлүк учурларда ал электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонулат. Бирок бул процессте азот жана күкүрт кошулмалары пайда болот. Андан сырткары, төмөнкү сорттогу көмүрдү өз алдынча алып карасак, анын курамында күлү көп, ал эми калориясы аз болуп саналат. Ошондуктан кытайлык кесиптештерибиз менен биргеликте ушундай изилдөө жүргүзүү тууралуу ойлодук. Математикалык моделди колдонуу менен төмөнкү сорттогу көмүрдөгү эң жакшы байланыш каражаты микробалырлар экенин көрсөттү. Ошондой эле, дагы бир изилдөөнүн жүрүшүндө биз микробалырлар төмөнкү сорттогу көмүр менен бирге колдонгон кезде биореотуруктуулукка алып келерин аныктадык. Бул - Казакстандагы алгачкы долбоор, микробалырлардын касиетин эч ким изилдей элек.
Окумуштуулар эми ойлоп табууларын мыйзамдаштыруу үчүн патент алууга документтерин даярдап жатат. Биринчи кезекте толук кандуу ички рынокту камсыз кылгандан кийин, тышкы рынокко чыгууну да көздөшүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков