Казакстан үч жылдын ичинде толук кандуу санарип өлкөгө
айланышы керек. Мындай стратегиялык милдетти Президент Касым-Жомарт Токаев
өзүнүн «Казакстан жасалма интеллект доорунда» аттуу элге кайрылуусунда койду.
Мамлекет башчысы масштабдуу санариптештирүүнүн жана жасалма интеллект
технологиясын активдүү киргизүүнүн негизинде бүтүндөй экономиканы жаңылоо
жүрүшү керек деп билдирди. Анын үстүнө, жасалма интеллектти жана санарип
технологияларды киргизүү бардык жерде болушу керек – бул өлкөнүн стратегиялык
багытынын негизги компоненти. Бул үчүн мамлекет башчысы биринчи кезекте Санарип
кодексин кабыл алууну тездетүүнү тапшырды. Ал эми Казакстанда жаңы
технологиялык түзүлүштү эффективдүү киргизүү үчүн Жасалма интеллект жана
санариптик өнүгүү министрлиги пайда болот.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Өлкөбүздө
суперкомпьютердин ишке кириши – бул, албетте, ийгилик, бирок аны Өкмөт жана
бүткүл коом Казакстанды чыныгы санариптик мамлекетке айландыруу боюнча
интенсивдүү, көп пландуу иштин башталышы катары гана кабыл алышы керек. Бул
максатка натыйжалуу жетүү үчүн Өкмөт санариптештирүүнү жана жасалма интеллектти
өнүктүрүү боюнча бирдиктүү концептуалдык документти – Digital Qazaqstanды иштеп
чыгат, анда бардык демилгелер жана долбоорлор жалпы улуттук стратегияга
бириктирилет. Ошол эле учурда өлкөнүн терең санариптик трансформациясы – бул
биздин жарандардын жашоосун жакшыртууга болгон жол.
Санариптик технологиялар дүйнөлүк эмгек рыногун
өзгөртүүдө. Дүйнө жүзүндө жасалма
интеллект менен иштей билген адистерге суроо-талап өсүүдө. Казакстанда
ЭйАй-Sana программасы ишке киргизилди. Анын максаты - 100 миңге чейин студентти
жогорку технологиялык долбоорлорго тартуу. Бирок көндүмдөрдү калыптандыруу
азыртан эле мектеп партасынан башталышы керек, деп белгиледи Касым-Жомарт
Токаев.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

