Казакстанда жаңы технологияларды
колдонуу аркылуу эми автоунаа жолдорунун жарамдуулук мөөнөтү бир топ
узарып, асфальт жана бетон катмарлары да жакшыртылат. «Superpave» жолдорду долбоорлоо
системасы бүгүнкү күндө дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө кеңири колдонулууда.
Алардын арасында АКШ, Канада, Сауд Арабиясы, Жапония жана Түштүк Корея бар.
Технологиянын өзгөчөлүгү - PG Grade атайын иштелип чыгылган шкаласы боюнча
асфальт-бетон курамын так лабораториялык эсептөө менен жасайт. Бул жол катмарынын курамына кирүүчү элементтер салына турган аймак өзгөчөлүгүнө жараша
тандалат дегенди билдирет. Анын ичинде климаттык өзгөчөлүктөр, жолго түшкөн салмактын жүктөмү жана акыркы 20
жылдагы температуралык өзгөчөлүктөр эске алынат.
Казакстанда «Суперасфальтты» алгач ыңгайлаштыруу, андан кийин гана колдонуу
пландалууда. Бул максатта Жол илимий-изилдөө
институтунун окумуштуулары улуттук стандарттарды иштеп чыгууда. Андан кийин
асфальт-бетон заводдору ага карап иштей баштайт.
Манарбек
Жумамуратов, Казакстан жол илимий-изилдөө институтунун кичи илимий
кызматкери:
- «Superpave»
жаңы технологиясын киргизүү боюнча мамлекеттик тапшырманын алкагында биздин
институт органикалык байланыштыргычтардын колдонуу мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн
лабораториялык текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал Казакстандын бардык
аймактарынын климатына ылайык текшерилүүдө.
Кайрат
Мухамбеткалиев, Казакстан жол илимий-изилдөө институтунун жаңы технологиялар башкармасынын
башчысы:
- Бул
технологиянын артыкчылыгы - асфальт-бетон
катмарынын жарамдуу мөөнөтү 1,5-2 эсеге артат. Ушундай жол менен биз жолдогу
оюк, жарака, чуңкур же жердин жылып кетиши сыяктуу жолдордогу көйгөйлөрдү
чечүүнү көздөп жатабыз. Бүгүнкү күндө лабораториялык иштер жүргүзүлүп жатат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков