Бүгүн Казакстандын премьер-министри жумушчу сапарынын алкагында Атырау шаарынын жана жалпы облустун аба ырайына туруштук берүүгө даярдыгын текшерди. Олжас Бектенов шаардын калктуу конуштарынын жээктерин бекемдөө, ошондой эле, Жайык дарыясынын сыйымдуулугун жогорулатуу максатында тереңдетүү иштерин көрүп чыкты. Жалпысынан Атырау облусунда профилактикалык иш-чаралар дээрлик толугу менен аяктады. Узундугу 480 чакырымдан ашкан коргоочу дамбалар тургузулду. Анткен менен өкмөт башчысы күчтөрдү тез арада көбөйтүүнү, учурда суу каптоо абалы турукташып жаткан аймактардан техникаларды жана аскер кызматкерлерин көчүрүүнү тапшырды. Белгилей кетсек, өлкөнүн батышында абал эки себеп менен оор бойдон калууда - Орусиядагы Ириклин суу сактагычынан суунун агып чыгышына, ошондой эле, Жайык дарыясынын ири куймаларында сел сууларынын көбөйүшүнө жана андагы тиешелүү суунун деңгээлинин жогорулашына байланыштуу. Буга чейин маалымдалгандай, Батыш Казакстан облусунан келген суунун кесепетинен Атырау шаарында суунун деңгээли 6 сантиметрге көтөрүлгөн. Суу ташкыны башталгандан бери анын жалпы көлөмү 227 сантиметрге жеткен.
Руслан Жумагазиев, Атырау облусунун оперативдик штабынын расмий өкүлү:
- Атырау облусунда жээктерди бекемдөө иштери уланууда. Бул иштердин жалпы узундугу Атырау облусунда 520 чакырымды түзөт. Анын ичинен 482 чакырымы аяктады. Аткарылган иштердин жалпы көлөмү 92%ды түзөт. Ишке 16 миң адам тартылган. Орал-Каспий каналында тереңдетүү иштери улантылууда. Тактап айтканда, Жайык дарыясынын Каспийге куйган жерин тереңдетүү иштери жүрүп жатат. Бул Орал дарыясынан Каспий деңизине суунун тез агып кетишине оң таасирин тийгизет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков