Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында бир нече жолугушуу өтөт

Астанада ушул аптада Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында бир нече жолугушуулар мерчемделген. Кулжа айынын 19да уюмга мүчө мамлекеттердин илим жана технология мекемелеринин жетекчилери, 20да транспорт министрлери видеоконференция форматында онлайн консультацияларды өткөрүшөт. Бул иш-чаралар Казакстандын демилгеси менен уюштурулат. Анда тармактык маселелер талкууланып, өз ара порттор менен логистикалык борборлорду өнүктүрүү концепциясын кабыл алуу көздөлгөн. Бул күнү борбор калаада ШКУнун жаштар кеңешине мүчө өлкөлөрдүн активисттери экологиялык жана туруктуу келечекке жол түзүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле Казакстандын борборунда жуманын акыркы иш күнүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлери жолугушат.

Айбек Смадияров, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү:

– Энергетика мекемелеринин жетекчилери Казакстандын демилгеси менен иштелип чыккан «Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясын» карап, бекитет. Муну менен катар делегация башчылары уюмдун алкагында энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн стратегиялык жолдорун талкуулашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков