Ата мекендик окумуштуулар уникалдуу антибактериалдык хирургиялык каптама ойлоп табышты. Долбоордун авторлору - Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин лабораториясынын адистери. Алар операция учурунда колдонулган жипти "акылдуу" коргоо механизминин аркасында кыйла жакшыртты.Адистердин айтымында, жиптин өзү ар кандай бактериялардын жана инфекциялардын жайылышын шарттагандыктан адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү. Окумуштуулардын айтымында, анын антибактериалдык касиети бир ай сакталат.
Аяжан Сейдуллаева, лабораториянын илимий кызматкери:
– Хирургиялык жип бетинде бир нече катмардан турат. Анын бетине полиэлектролит эритмесин сүйкөп, антибактериалдык каражаттарды чыгарабыз. Өз кезегинде алар коркунучтуу микроорганизмдер менен күрөшөт. Антибактериалдык агент катары биз хлоргексидин, триклозан жана күмүш нанобөлүкчөлөрүнүн эритмелерин колдонобуз. Алар антибиотиктерге караганда күчтүүрөөк. Мындан тышкары, ал бактерияларды күчөтпөйт. Бүгүнкү күндө хирургиялык жиптин касиеттерин аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Келечекте жип адамдын организмине кандай таасир этээрин билүү үчүн изилдөө жүргүзөбүз.
Казакстанда теңдеши жок бул жаңылыкка университеттин окумуштуулары дароо патент алып, дүйнөлүк илимий журналдарга макалаларын жарыялашкан. Ата мекендик илимпоздордун инновацияларына дагы бир чоң компания кызыкдар экенин билдирди. Хирургиялык жип чыгарган бул ишкана кызматташууну сунуштаган.Окумуштуулар ойлоп табуусун дагы жаңылап,өндүрүшкө киргизүүнү пландап жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков