Алматыда инклюзия боюнча биринчи дүйнөлүк конгресс өтөт

Алматыда инклюзия боюнча биринчи дүйнөлүк конгресс өтөт

Казакстанда быйыл күзүндө биринчи дүйнөлүк Инклюзивдик билим берүүнүн конгресси өтөт. Бул өкмөт, педагогдор, технологиялык компаниялар, серепчилер жана адистерди бириктирген уникалдуу глобалдык платформа болот. Алматыда уюштурула турган иш-чарага дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 5 миңден ашуун катышуучу келери күтүлүүдө. Анда адистер тармак боюнча мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Бул тууралуу Конгресстин аймактык этабында айтылды.  Казакстандын башкы шаарында баштала турган иш-чара Көкшетау жана Ташкентте улантылат. Ал эми Түштүк шаарында Инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндө Алматы декларациясына кол коюу каралган. Серепчилердин пикиринде, Казакстанда кадыр-барктуу жыйын өткөрүү өлкөнүн инклюзивдүү коомду түзүүгө болгон умтулуусунан кабар берет. Ошондой эле билим берүү реформаларындагы жана технологиялык инновациялардагы жетишкендиктерди аныктайт. Азыр өлкөнүн мектептеринде тоскоолдуксуз чөйрө калыптанган.

Ермек Мажитов, Биринчи дүйнөлүк инклюзивдүү билим берүү конгресинин башчысы:

- Бул демилге Казакстанга сунушталды. Өлкөнүн өкмөтү бул сунушту дароо колдоду. Башкача айтканда, билим берүү жана илим министрлиги демилгени ишке ашырууда. Улуттук курултайда Президент ар бир облустун борборунда өзгөчө балдар үчүн борборлор, билим берүү мекемелери куруларын белгиледи. Ошондой эле ал жакында инклюзияны колдоо максатында спорттук комплекс ачылганын жана бул багытта Казакстанда көп иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков