Казакстандык стартап «Google» компаниясынын грантын утуп алды

Казакстандык стартап «Google» компаниясынын грантын утуп алды

Казакстандык окуучунун стартапына Кремний өрөөнү кызыгуу көрсөттү. Павлодардык окуучу Игорь Мартынюктун «TabAI» компаниясы ишин кеңейтип, инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестицияларды тартты. Ошондой эле дүйнөгө атагы чыккан «Google» IT-корпорациясынын грантын утуп алды. Ал адамдын көңүлүн башкарууга арналган жасалма интеллект жардамчысын иштеп чыккан. Долбоор колдонуучунун күнүмдүк аракеттерин талдап, тапшырмаларды системалаштырууга мүмкүндүк берет. Дал ушул казакстандык өнүмдү бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 20 миңге жакын адам колдонот. Талдоочулар «TabAI» долбоорун 2,5 млн долларга баалап жатышат.

Игорь Мартынюк, А. Байтүрсынов атындагы инновациялык мектептин окуучусу:

– Ал сизге эмне кылуу керектигин, эмне кылганыңызды, эртеңки пландарыңызды жыйнактап берет. Башкача айтканда, бардык мессенджерлерди, экрандагы аракеттерди, жалпы сиз эмне менен алектенип жатканыңызды бириктирип, системага салат. Жайкы мектептен кийин жакшы натыйжа көрсөтсөм, стартапым өнүгүп жатса, алар күзгү толук программага чакырышы мүмкүн. Ал жерде жарым миллион доллар инвестиция берилет.

Эми жаш ойлоп табуучу IT боюнча акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алып отурат. Башкача айтканда, казакстандык окуучунун жашына карабастан, таанымал эл аралык акселератор ага өзгөчө шарт түзүп, «YC Startup School» программасына катышуусун толугу менен каржылайт.

Татьяна Мигунова, А. Байтүрсынов атындагы инновациялык мектептин жетекчиси:

– Негизинен, ал мурда спортко кызыкчу, ортоңку класстарда футбол ойногон. Ал эми 8-класстан баштап маалыматтык технологияларга кызыга баштаган. Ийгилик бир заматта келген жок. Ал ар кандай сынактардын жеңүүчүсү, байгелүү орундардын ээси. Башында «Зерде» илимий долбоорлорунан баштаган.

Казакстандык окуучу ошондой эле AI тармагындагы эң ылдам өнүгүп келе жаткан стартаптардын бири - «Cursor» компаниясынын расмий амбассадору болду. Бул ролдо ал Казакстанда жана Борбордук Азияда иштеп чыгуучулар коомчулугун өнүктүрөт, AI-иштеп чыгуу маданиятын жайылтуу менен билим берүү иш-чараларын, хакатондорду жана митаптарды уюштурат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков