Казакстандык мектептерде жасалма интеллект элементтери бар санариптик чечимдер сыноодон өтүүдө. Окуу жайларында AI элементтери "Информатика" жана «Санарип сабаттуулук» сабактарына киргизиле баштады. Мисалы, башталгыч класстарда окутуунун оюн жана визуалдык формалары колдонулса, ал эми жогорку класстарда чат-ботторду түзүү, маалыматтарды талдоо жана этикалык кырдаалдарды талкуулоо боюнча долбоордук тапшырмалар аткарылат. Мындай ыкма критикалык ой жүгүртүүнү, санариптик сабаттуулукту жана технологияларга аң-сезимдүү мамилени өнүктүрүүгө багытталган. Ошол эле учурда, "акылдуу" жардамчы мугалимге сабакка даярданууда гана жардам берет, тесттерди текшерет жана окуучулардын жетишкендиктерин талдайт. Бүгүнкү күндө Казакстанда 200 миңден ашуун педагог окуу процессинде жасалма интеллектти колдонуу боюнча атайын курстардан өтүштү.
Рамазан Орал, Окуучу:
- Алгач мен GPT чатка тапшырма берем. Ботко маселени чечүүнү жана ошол эле учурда аны кантип чечкенин түшүндүрүп берүүнү сунуштайм. Андан тышкары, мен ага тапшырма берем, мен аны чечип, жообун айткандан кийин, бот ал туурабы же жокпу аныктайт. Ошондо гана мен тапшырманы түшүндүмбү же жокпу аныктай алам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

