Бир айдын ичинде 80 тонна. Түркестан облусунун дыйкандары өзгөчө камкорлуктун жана бапестөөнүн аркасында быйылкы сезондун башынан бери ушунча көлөмдө коон-дарбыз жыйнашты. Өнүмдүн жарымынан көбү чет мамлекеттерге экспорттолду. Жергиликтүү дыйкандар өстүргөн жашылча-жемиштер атайын лабораторияда милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүп, андан кийин сатууга лицензия берилет.
Намазбай Мырзалиев, Жетисай районунун тургуну
- Түшүм кадимкидей эле Орусияга сатылды. Кечээ күнү 1 унаа жөнөттүм. Бүгүн, кудай буюрса, экинчи унааны жиберем. Менин 2 гектар дарбызым бар. 50 тоннадан ашык дарбыз берет. Бул эрте бышкан сорту. 65-70 күндүк.
Которгон: Илгиз Жамалбеков