2022 – жылы «Е-Өтүнүч» системасына 1,7 миллион арыз түшкөн

2022 – жылы «Е-Өтүнүч» системасына 1,7 миллион арыз түшкөн

Өлкө жарандары социалдык объектилердин курулушу, экологиялык абал, жолдорду оңдоо өңдүү маселелер боюнча жергиликтүү бийликке 33 миңден ашык маселе коюшкан. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, анын 99%ы чечилген. Акыркы бир жылда министрлер жеке кабыл алууларында бир жарым миңге жакын адамдын арызын угуп, бүгүнкү күндө алардын 74%ы канааттандырылды. Ошол эле учурда Алихан Смаилов «е-Өтүнүч» маалымат системасынын иши боюнча маалыматтарды талдоо бир аз башкача көрүнүштү берерин белгиледи. Тагырагы 2022-жылы тутум аркылуу 1,7 миллиондон ашык арыздар келип түшкөн. Анын айтымында, системада катталган 1 миллион 700 миңден ашык кайрылуунун 82 пайызы жергиликтүү аткаруу органдарына тиешелүү. Ал тургай бул көрсөткүч 16%га өскөнүн баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков