К. Токаев: Жаңы Казакстанды түзүү – маанилүү милдет

К. Токаев: Жаңы Казакстанды түзүү – маанилүү милдет

Мамлекеттик кызматкердин негизги максаты – жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу. Президент Касым-Жомарт Токаев Твиттерде мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, ал Жаңы Казакстанды түзүү боюнча кызматкерлерге өзгөчө милдет жүктөдү. Алардын негизги принциптери - чынчылдык, кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана ачыктык болушу керектигин баса белгиледи. Эске салсак, мамлекеттик кызматкерлер күнү 2003-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кесиптик майрам катары бекитилген.

«Сиздерге жаңы Казакстанды түзүү боюнча өзгөчө милдет жүктөлөт. Кызматтагы негизги принциптериңиздер - чынчылдык, кесипкөйлүк, компетенттүүлүк, ачыктык болушу керек. Мамлекеттик кызматкердин негизги максаты - жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу. Өлкөнүн үмүтүн толук актайсыздар деп ишенем!».

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков