Жамбыл облусунда картошка жыйноо иштери жүрүп жатат. Айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөр быйылкы түшүм жыйноо аяктап баратканын айтышууда. Аба ырайынын ыңгайлуу болушу жана зарыл агротехникалык чаралар буга шарт түздү. Маселен, чарбанын элүү гектарына картошка эгилген. Өткөн жылы бул жерде ар гектардан 15 тоннадан ашык түшүм алынган эмес. Быйыл бул көрсөткүч эки эсеге көбөйөт - дешет дыйкандар.
Санобар Намазова, чарба кожолугунун башчысы:
- Былтыр кургакчылык болуп, суунун тартыштыгы абдан сезилди. Быйыл абал былтыркыдан бир топ жакшы. Өрөөндүн айрым жерлеринде да гектарынан 30 тоннага чейин түшүм алабыз.
Жуалы районунун дыйкандары быйыл 60 миң тоннага жакын түшүм алууну пландаштырышууда. Алар жер-жерлердеги айыл чарба жарманкелеринде сатылып, Түркестан облусуна жиберилет. Ошондой эле, бир жарым миң тоннасын Таразды турукташтыруу фонду сатып алат. Аймакта эспарцет жыйноо кызуу жүрүп жатат. Быйыл айрым дыйкандар бул өсүмдүктүн элиталык үрөнүн биринчи жолу колдонушту. Натыйжада, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулады. Жалпысынан облус боюнча 46 миң тонна эспарцет жыйналаары күтүлүүдө.
Рахымгазы Куниязов, Жуалы районунун акиминин орун басары:
- Эгерде өткөн жылы ар гектардан 7 центнерден түшүм алсак, быйыл 10 центнерден, андан да көп түшүм алып жатабыз. Райондо эспарцет майын чыгарган ишканалар да бар. Ишкер жыйнаган түшүмүн жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканага өткөрүп берсе, килограммына 10 теңгеден субсидия алат. Түркестан облусуна да жөнөтүлөт, ал жерде да ири завод бар.
Дыйкандар картошка менен эспарцеттин түшүмүн тогуздун айынын орто ченинде бүтүрүүнү пландап жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков