Казакстан Грузиянын Поти портуна контейнердик терминал салат

Казакстан Грузиянын Поти портуна контейнердик терминал салат

Казакстандык бизнес Грузиянын Поти портунда контейнердик терминалдын курулушун баштайт. Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кара деңиздин жээгиндеги заманбап инфраструктуралык объект Транскаспий эл аралык транспорттук багыты боюнча жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүгө көмөктөшөт жана "ортоңку" коридордун негизги түйүнү болуп саналат. Жаңы мультимодалдык терминалды келерки жылы пайдаланууга берүү көздөлүүдө. Ал 8 гектар жерде жайгашкан. Анын кубаттуулугу жылына 80 миң контейнер болоору күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков