Ассоциациянын алкагындагы аракеттердин механизмин жана тартибин караган мыйзам долбоору бүгүн Сенаттын депутаттары тарабынан жактырылды. Айтмакчы, анын ар бир резиденти ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн каалаганынын экинчи деңгээлдеги банкына насыя алуу үчүн кайрыла алат. Бирок Экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ичинде так кредиттик тарыхты алмашуу маселеси чечиле элек. Келишим бул ажырымды жоюп гана тим болбостон, чек арадагы насыялоону өнүктүрүүгө да салым кошот. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын банктарында ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн 2 миңге жакын жеке жана 42 юридикалык жактын кредиттери бар. Алардын жалпы суммасы 120 миллиард теңгеге жакын.
Сергей Карплук, Парламент Сенатынын депутаты:
- Биринчиден, абийирдүү насыя алуучулар үчүн банктык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтет, башкача айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин каалаган өлкөсүндөгү банктан насыя алуу оңой болот. Экинчиден, бул банктардын өздөрүн коргойт, банк карыз алуучунун ишенимдүүлүгүн камсыздай алат, ошону менен анын тобокелдиктерин азайтат, келишимде алмашуу процедурасы жана берилүүчү маалыматтардын тизмеси камтылган, буга кредиттик отчетко суроо-талап кирет, кредиттик отчеттун өзү, кредиттик тарыхтын субъектинин макулдугу, ошондой эле аны талашууга тиешелүү документтер. Ошол эле учурда бардык катышуучулар алынган маалыматты коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
Ал эми бүгүн Сенат дагы бир келишимди - Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык институтун түзүүнү ратификациялады. Анын филиалы Казакстанда ачылат, Кытайда башкы кеңсеси. Институт бардык илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жана биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков