Актөбө облусу 2022-жылы экономикага бир триллион теңгеге жакын каражат салым кошкон. Бул жерде 30 долбоор ишке ашырылган. Ал эми акыркы үч айдын ичинде облус бийлиги чет элдик ишкерлер менен улуттук валютада үч триллиондон ашык суммага 12 меморандум түздү.
Өнөр жай аймагында 24 инновациялык долбоор ишке ашырылып, 12 жаңы өндүрүштүк объект пайдаланууга берилди. Маселен, бул завод италиялык технология боюнча карапа жылыткычтарды жана фарфор жылыткычтарын чыгарат. Бул негизги "казык" долбоорлордун бири болуп саналат. Ишкананын кубаттуулугу жылына беш миллион чарчы метр өнүм чыгарууга чамасы жетет. Долбоор импортту алмаштырууга багытталган, ошондуктан Актөбө өндүрүүчүнүн өнүмү ички рынокто чоң суроо-талапка ээ. Бирок ошол эле учурда товарлардын бир бөлүгү коңшу мамлекеттерге да экспорттолот. Келечекте өнүмдүн түрлөрүн кеңейтүү жана жаңы цехти куруу мерчемделген.
Агадил Жумадил, компаниянын аткаруучу мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:
- «Актөбө» социалдык-ишкердик корпорациясынан жер бөлүп берүүгө макулдук алганбыз, быйыл жазда курулуш иштерин баштоону пландап жатабыз. Коммуналдык кызматтар, газ, электр энергиясы жеңилдетилген баада берилет, мындан тышкары колдонулган чийки заттын 70%га жакынын камтыган чийки зат базасы бар, бул өздүк наркка абдан оң таасирин тийгизет, мындан улам биздин өнүмдүн баасы атаандаштыкка абдан жөндөмдүү.
Ербол Сиюнов, Актөбө социалдык-ишкердик корпорациясынын актив жана инвестициялар департаментинин башкы менеджери:
- Бул жумуш орундарынын көбөйүшүнө жана облустун бюджетине кирешенин, облуста өндүрүлгөн экспорттук өнүмдөрдүн жогорулашына шарт түзөт. Мындай долбоорлорду «Актөбө» социалдык-ишкердик корпорациясы колдоого алууда. Жалпысынан бул аймактын өнөр жай дараметине оң таасирин тийгизүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков