Түркестанда сакура гүлдөдү

Түркестанда сакура гүлдөдү

Бул экзотикалык дарак Казакстандын түштүгүндө тамыр жайып, бир нече жылдан бери өзүнүн назик гүлдөөсү менен шаардын тургундарын жана конокторун кубантып келет. Бак-дарактардын көбү Кожа Ахмет Яссауи күмбөзүнүн жанына отургузулган. Ислам ботаникалык бакчасында сакурадан тышкары алма, каштан, каталпа, карагай жана декоративдүү тыт дарактары өсөт.

Абдрахман Бабаев, багбан:

- Бизде дарактын эки түрү бар – «Ширатай» жана «Канзан». Алар абдан назик жана өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Ошондуктан аларга дендрологдор кам көрүшөт. Адистер сакураны атайын жер семирткичтер менен өстүрүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков