Бул максатка жетүү үчүн өлкөнүн туризм индустриясы комитети саякатчыларды стимулдаштырууга басым жасайт. Башкача айтканда, чет элдиктер үчүн өлкөнү тартымдуу жана кызыктуу кылган эл аралык иш-чаралар көбүрөөк өткөрүлө турган болот. Маселен, быйыл Астанада триатлон боюнча белгилүү IRONMAN мелдеши дал ушул максатта уюштурулган. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 2 миңден ашык катышуучу чогулду. Адистердин айтымында, бул спорттук иш-чара өлкө казынасына 1 миллиард теңгеге жакын киреше алып келген. Мындан тышкары туристтердин агымын көбөйтүү максатында Казакстанга кирүү үчүн виза талап кылынбаган мамлекеттердин санын 100гө жеткирүү сунушталды. Ички туризм күч алууда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында үч жарым миллиондон ашык жаран өз өлкөсүндө саякаттоону чечкен. Өткөн жылга салыштырмалуу 50%га көп. Белгилей кетсек, бул жаатта бир катар жеңилдиктер каралган. Kids Go Free долбоорунан тышкары ички туристтерге билеттин баасынын бир бөлүгү кайтарылып берилет. Аны эс алуучулар туристтик сезондон тышкары убакытта ала алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков