Анын атаандашы орусиялык шахматчы 38-жүрүштөн кийин жеңилгенин мойнуна алды. Муну менен Ян Непомнящий кытайлык шахматчыны үчүнчү жолу жеңип, эсепти теңеди. Эсеп 6:6. Ага чейин эки атаандаш 11 оюнда тең чыгууга жетишкен. Бүгүн дүйнө чемпиону наамы үчүн мелдештин 13-туру өтөт. Эрежеге ылайык, дүйнө чемпиону наамы үчүн беттеш 14 оюндан турат. Тең болуп калган учурда 4 оюндан турган тай-брейк белгиленет. Тай-брейкте да жеңүүчү аныкталбаса, анда шахматчылар блицте өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Андан кийин «финалдык партия» бар. Эске сала кетсек, чын куран айынын 7нен бугу айынын 1не чейин Казакстандын борборунда шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков