Казак улуттук ЖОЖна изилдөө университети макамы берилди

Казак улуттук ЖОЖна изилдөө университети макамы берилди

Казакстан өкмөтүнүн токтому менен Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине изилдөө университети макамы ыйгарылды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө КазУУ мамлекеттин жана Борбор Азиядагы дүйнөнүн эң мыкты 150 университетинин катарына кирген жалгыз жогорку окуу жайы болуп саналат. Анын структурасында 16 факультет, 8 илим-изилдөө институту жана 29 илимий борбор бар. Ошондой эле 140ка жакын илимий жана окуу-изилдөө лабораториялар иштеп жатат. Ошол эле учурда Стамбулда жана Бишкекте университеттин филиалдары ачылган. Жалпысынан жогорку окуу жайда 26 миңге жакын студент билим алууда. Алардын арасында дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн келген чет элдиктер бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков