1 миң 200дөн ашык кандаш жана жер которгон үй-бүлөлөр экономикалык мобилдүүлүк сертификаттарын алышты. Бул система өлкөдө өткөн жылдан бери ишке ашырылып келет. Максаты - Казакстандын жумушчу күчү тартыш аймактарына жер которууну шыктандыруу. Бул сертификат бир жолу акысыз негизде турак жайдын наркынын 50%ын жабууга берилет. Башкача айтканда, бир үй-бүлөгө 4,2 миллион теңгеге чейин кайтарымсыз каражат бөлүнөт. Бул материалдык жардам Улуттук банк же Өкмөт тарабынан бекитилген Мамлекеттик турак жай программасы аркылуу турак жай сатып алуу, куруу же ипотека насыясынын баштапкы төлөмүнүн бир бөлүгүн жабуу үчүн берилет. Ал турак жайды сатып-алуу келишими болгондо гана берилет. Ал эми анын курулушу үчүн менчикте жер участокторунун болушу эске алынат. Эске салсак, экономикалык мобилдүүлүк сертификатынан тышкары, көчүп келгендерге дагы башка мамлекеттик колдоо чаралары көрсөтүлөт. Алсак, көчүүгө, турак жайды ижарага алууга, коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө арналган субсидиялар, кыска мөөнөттүү кесиптик окууга жолдомо каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков