Казакстанда жер титирөөнү алдын ала болжолдогон нано-спутник иштелип чыгууда

Казакстанда жер титирөөнү алдын ала болжолдогон нано-спутник иштелип чыгууда

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин окумуштуулары ионосферада иштеп, жер титирөөлөр тууралуу маалымат берерин белгилешти. Жаңы спутникти 2025-жылы учуруу пландалууда. Белгилей кетсек, ата мекендик окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан ультра заманбап спутниктер Түркестандан 50 чакырым алыстыкта ​​атмосферанын жогорку катмарына учурулган. Эми алар абанын булганышынын деңгээлин өлчөп, адам организми үчүн коркунучтуу деп эсептелген микробөлүкчөлөрдүн концентрациясын аныкташат.

Амирхан Темирбай, Аль-Фараби атындагы КазУУнин инженеринг жана жогорку технологиялар кластеринин башкы мүдүрү:

- Үчүнчү спутниктин дагы бир пайдалуу миссиясы ал ионосферадагы ар кандай өзгөрүүлөрдү өлчөө менен жер астындагы ар кандай кубулуштарды алдын ала болжолдоого болот. Алардын ичинен жер титирөөлөрдү аныктоого мүмкүндүк бар. Жер титирөөдөн бир нече күн мурда ионосферадагы бөлүкчөлөрдүн концентрациясы кескин өзгөрөт. Мындай кубулуш аныкталган. Аны убагында табуу аркылуу алдын ала болжолдоого болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков