Коомду өнүктүрүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган эң мыкты смарт технологиялар. Бул маселелер Астанада өткөн конференцияда сунушталды. БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында уюштурулган иш-чарада чет элдик IT-серепчилердин мастер-класстары, ошондой эле туруктуу өнүгүү жаатындагы санариптик чечимдердин көргөзмөсү өттү. Мындан тышкары, ар бир адам ири IT-компаниялардын өкүлдөрүнүн семинарларына катыша алат.
Сухроб Ходжимтов, БУУнун ӨПнын туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу:
- Казакстан санариптештирүү боюнча Борбор Азияда лидер. Ошол эле учурда бул бир күндүн жыйынтыгы эмес экенин билебиз. Мен санариптештирүүдөгү эң маанилүү маселе – бул бардык санариптештирүү экосистемаларынын борбору адамдар жана планета болушу керек деп эсептейм. Айлана-чөйрөнү, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо Казакстандын да, аймактын да күн тартибинен түшпөйт, азыркы учурда ал дүйнөдө актуалдуу маселеге айланып баратат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков