Эртең, бугу айынын 15де Түркестанда Түрк мамлекеттери
уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бейрасмий саммитке катышат. Жолугушуу жасалма
интеллект жана санариптик өнүгүүгө арналмакчы. Тараптар технологиялардын
экономикага тийгизген таасирин, аймактык интеграцияны күчөтүүнү жана AI тармагындагы
биргелешкен демилгелерди талкуулайт деп күтүлүүдө. Саммит түрк мамлекеттеринин
арасындагы стратегиялык диалогду бекемдөөнүн маанилүү аянтына айланат. Мажилис
депутаты Айдос Сарым Уюм алкагындагы кызматташтык маданий-тарыхый
тамырлаштыктан алда канча кеңири экенин белгиледи. Мамлекеттер учурда уюмга
мүчө өлкөлөрдүн укуктук чөйрөсүн өз ара шайкеш келтирүү боюнча иштеп жатышат. Бул
максатта моделдик мыйзам долбоорлору даярдалып, парламенттер аралык деңгээлде
биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.
Айдос Сарым, Казакстан Республикасынын
Парламентинин Мажилисинин депутаты:
– Мамлекет башчыларынын
саммитинде жасалма интеллект маселелери талкууланат. Бул тармакта Казакстандын
кыйла тажрыйбасы бар. Бизде санариптик кодекс кабыл алынган, аны Өзбекстандагы,
Кыргызстандагы, ТүркПАдагы кесиптештерибизге тааныштырдык. Жасалма интеллект
боюнча өзүнчө мыйзамыбыз бар. Аны дүйнөдө биринчилерден болуп ишке ашырдык.
Түпкүлүгүндө биз атүгүл Конституцияга да ушул маселелерди бекиттик. Менимче,
биздин бул багытта айта турган көп нерсебиз бар.
Серепчилердин пикиринде, Түрк мамлекеттеринин уюму
тарыхый жана маданий биримдик болуу менен чектелбестен, маанилүү
геоэкономикалык платформага айланууда. Бул өзгөрүү аймактагы технологиялык
өнүгүүгө жана билим берүү процесстерине түздөн-түз таасир этет.
Бакыт
Төлегенов, Maqsut Narikbayev University профессору:
– Бизде студенттик мобилдүүлүк
механизми, тагыраак айтканда, студенттик билим алмашуу бар. Ал жактын
студенттери бизге келип, билим алышат. Биздин студенттер ал жакка барып, билим
алышат. Ошондой эле профессорлор арасындагы азыр мобилдүүлүктөн өнөктөштүккө
өтүп жатабыз. Башкача айтканда, бул бир семестр гана убакытка чектелбестен,
жалпы эки жактын ресурстарын пайдалануу менен, орток бир артыкчылыктарды
калыптандыруу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

