Жалган куран айынын 28-29да Бээжинде Казакстандын Кытайдагы Туризм
жылынын ачылышы болот. КЭРнын борборуна 400 адамдан турган Казакстандын делегациясы келди. Алар маданият
ишмерлери, музыканттар, бизнесмендер. Программанын алкагында туризмди жана
инвестицияны өнүктүрүү боюнча казак-кытай форуму, ошондой эле, казак эстрада
жылдыздарынын катышуусунда концерт күтүлүүдө. Кытай журтчулугу алдында Роза
Рымбаева, Зарина Алтынбаева, Майра Мухамед кызы, ошондой эле, «Астана Балет»
театрынын этно топтору менен труппасы өнөрүн тартуулайт. Ата мекендик артисттер
көрүүчүлөрдү өлкөнүн музыкалык маданиятынын мурастары жана салттары менен
тааныштырат.
Роза Рымбаева,
Казакстандын Эл артисти:
- Менимче,
чет элдиктерге эң кызыктуусу – бул биздин табигыйлыгыбыз, жаратылыш менен тазалыгыбыз. Бизде Казакстанда мындай кооздуктар
жетиштүү. Азыр театрдын сахнасына чыгып, өзүбүздү сынап көрөбүз, үндөрүбүздү
тууралайбыз. Албетте, бул биздин маданиятыбызды чоң классикалык театрдын
сахнасына алып чыгып, биздин Казакстандын маданиятынын азыркы деңгээлин көтөрүү
чоң жоопкерчилик.
Ержан Еркинбаев, Туризм
жана спорт вице-министри:
- Бүгүнкү
күндө кытай тараптан 280ден ашык катышуучу катталды, бул Кытай Казакстан менен
кызматташууга абдан кызыктар экенинен кабар берет. Бизде жалпы чек аралар бар
жана кытайлык туристтер үчүн абдан ыңгайлуу. Форумда эки панелдик сессияны
талкуулайбыз. Биринчи панелдик сессияда эки тараптуу уюштурулган туризмди
кантип уюштуруу керектиги, экинчи сессияда инвестициялык дараметтин
мүмкүнчүлүктөрү менен келечеги талкууланат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков