Бүгүн Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ал президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, Орусия Федерациясынын лидеринин стратегиялык багыты бүтүндөй калктын колдоосуна ээ болгонун белгиледи. Ошондой эле, тараптар стратегиялык өнөктөштүк духунда тез өнүгүп келе жаткан эки тараптуу кызматташуунун жүрүшүн талкуулады. Президенттер өз ара мындан ары тыгыз кызматташууну макулдашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков