Өзбекстанда
кайра жанма энергия булактарынын үлүшү өсүүдө. Азыр өлкөдө бир катар «жашыл»
долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын алтоо жана энергияны сактоо тутумунун
долбоору Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Швейцария жана Кытай менен
биргеликте иштелип чыгууда. Өткөн жылы Кытай менен кызматташуунун алкагында
өлкөдө кубаттуулугу 500 мегаватт болгон күн фотоэлектр станциясы курулган. Азыр
ал жылына 1 миллиард киловатт сааттан ашык электр энергиясын өндүрөт. Бул
Бухара облусуна керектүү энергиянын үчтүн бирин толтурат.
Бекзод Нарзуллаев, CHINA GEZHOUBA GROUP OVERSEAS
INVESTMENT компаниясынын Коровулбозор району боюнча долбоордун мүдүрүнүн орун
басары:
- Биз азыр толук 500 мегаватт саат энергия өндүрүп жатабыз.
Бул жерде кубаттуулугу 25 жана 35 миң киловольт ампер болгон эки трасформатор
жайгаштырылган. Ичинде 57 инвертор блогун колдонобуз. Миллионго жакын күн
панелдери орнотулган. Өндүрүлгөн кубаттуулук жалпы энергия тармагына
багытталат.
Дуан Руйбин, Станцияны башкаруу пунктунун инженери/Кытай:
- Азыркы учурда жабдуулар электр энергиясынын керектүү
көлөмүн тынымсыз камсыздап турат. Аймактын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, бул жерге
станция куруу тандоо түзүлдү. Көрсөткүчтөр аркылуу анын эффективдүүлүгүн
байкоого болот. Бул жерден тармактын жалпы кубаттуулугу саатына 500 мегаватт
энергия берилет. Станция эң заманбап стандарттарды эске алуу менен курулган. Ал
Өзбекстандын энергетикалык системасын кийинки жылдарга өнүктүрүүгө кызмат кылат
деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

