Тажикстанда туристтик индустрия жигердүү өнүгүүдө

Тажикстанда туристтик индустрия жигердүү өнүгүүдө

Тажикстанда туризм тармагы активдүү өнүгүүдө. Өткөн жылы Борбор Азия өлкөсүнө 1,5 миллионго жакын турист келген. 2019-жылдан бери бул өлкөгө саякаттагандардын саны 12% га көбөйгөн. Республика бул көрсөткүчтү жыл сайын план ченемдүү көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Буга ички жана чет элдик саякатчылардын агымы жардам берет. Жергиликтүү лыжа базалары өзгөчө кызыгууну туудурат. Анын аймагында эл аралык стандарттарга жооп берген бардык заманбап инфраструктура жайгашкан. Уникалдуу жер, серепчилердин пикири боюнча, туристтер жылдын каалаган убагында Тажикстанга келип, кышкы оюн-зоок менен эс алууга мүмкүнчүлүк берет. Курорттун аймагында заманбап мейманкана, ден соолукту чыңдоо борбору иштейт. Кош аркан жол менен жабдылган лыжа жолдору бар. Мунун баары туристтерге жигердүү эс алуу жана унутулгус таасир калтырат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков