2025-жылдын соңуна карата казакстандыктар 100% таза ичүүчү суу менен камсыз болот

2025-жылдын соңуна карата казакстандыктар 100% таза ичүүчү суу менен камсыз болот

2025-жылдын аягына чейин Казакстандын калкы ичүүчү суу менен 100% камсыз болот. Учурда өлкөдө 30га жакын ири долбоорлор өлкөнү жашоо булагы менен камтууда. Натыйжада республика боюнча 2 миң чакырым топтук суу тутүктөрү тартылат. Анын пайдасы 430дан ашык калкка тийет. Быйыл суу канализациясын курууга жана жаңылоого 218 миллиард теңге каралган. Алыскы айылдарга артыкчылык берилет.

Болат Бекниязов, суу ресурстары жана ирригация министринин биринчи орун басары:

-Жергиликтүү калктын турмуш-тиричилигин камсыздоо жана уюштуруу боюнча административдик реформанын алкагында суу чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Министрлик топтук суу түтүктөрүн жергиликтүү аткаруу органдарынын балансына өткөрүп берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков