Президент мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Президент мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Бүгүн Казакстанда мамлекеттик символдор күнү. Борбор калаадагы «Атамекен» этномемориалдык комплексинде мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болуп өттү. Ага президент Касым-Жомарт Токаев катышты. Мамлекет башчысы бул өлкө үчүн абдан маанилүү майрам экенин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Улуттун символдору-эгемендүүлүгүбүздүн ыйык тумары. Герб, желек жана гимн – туруктуу мамлекеттүүлүктүн символу. Биздин ыйык белгилерибиз Казакстанды эгемендүү өлкө жана эл экендигин жер жүзүнө айгинелейт. Байрагы бийик өлкөнүн руху бийик болот. Ошондуктан, жыл сайын ушул майрамдын урматына көк желегибизди бийик көтөрөбүз.

Мамлекет башчынын айтымында, учурда көк желектин кадыр-баркы дүйнө жүзүнө таанылууда. Биздин желек Бириккен Улуттар Уюмунун төрүндө турат. Аны биздин альпинисттер жер шарынын эң бийик чокуларына алып чыгышкан. Биздин спортчулар бир нече жолу желбиретти деп баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Бул жылы жоокерлерибиз биринчи жолу көк желек астында тынчтык орнотуу миссиясын аткарышты. Жарандарыбыздын, мамлекетибиздин мындай жетишкендиктери Казакстан-кубаттуу жана жаратман өлкө экендигин тастыктайт. Мамлекеттик символдор-өлкөнүн сыймыгы. Биздин герб, көк желек жана гимн ар бир жарандын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт.

Президент быйыл Баш мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл толоорун эске салды. Негизги мыйзам коом таянган негизги принциптерден турат. Касым-Жомарт Токаев Конституция аркылуу Мыйзамдын жана тартиптин үстөмдүгүн камсыз кылган масштабдуу өзгөртүүлөр этап-этабы менен киргизилип жатканын кошумчалады. Ар кайсы этностордун өкүлдөрү көк желек астында ынтымактуу жашашат. Биримдигибизди сактап, бекемдей берсек, биз бардык бийиктиктерди багындырабыз, - деди президент. Улуттук коопсуздук комитетинин, коргоо, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин окуу жайларынын мыкты 14 бүтүрүүчүсү Казакстан Республикасынын Президентинин – Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысынын колунан офицердик наамдарды алышты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Көк желегибизди ар дайым тик карманыздар! Мен буга ишенем!».

Которгон: Илгиз Жамалбеков