Түркестан облусунда дрон
операторлорун даярдашат. Келечектеги кесиптерди Капланбек жогорку
агрардык-техникалык колледжинде окутушат. Мындан тышкары, ал жерде
күнөсканаларда иштөө жана ландшафттык жашылдандыруу боюнча адистерди даярдоо
башталат. Студенттер жаңы окуу жылынан баштап окууга киришет. Колледжде
айтылгандай, бул айыл чарба тармагын кадрлар менен камсыздоого жана аймакта
курулушу пландаштырылган учкучсуз учактарды чыгаруучу завод үчүн кесипкөйлөрдү
даярдоого мүмкүндүк берет. Учуучу аппараттарды чыгаруучу заводду ачуу боюнча
кытайлык компаниялардын бири менен келишим жыл башында эле түзүлгөн.
Баглан Шыганов, колледждин
мүдүрү:
- Биз дрондор боюнча окутууну ачып
жатабыз, анткени бул чегирткеге каршы күрөшүү үчүн, ошондой эле айыл чарба
өсүмдүктөрүн пестициддер жана жер семирткичтер менен иштетүү үчүн маанилүү.
Мындан тышкары, Келес районунда 5 миңге чейин жумушчу орун түзүлө турган эко
күнөскана курулууда. Биз ал жакка бүтүрүүчүлөрүбүздү жөнөтүүнү
пландаштыруудабыз.
Келечек кесипти үйрөнүүнү
чечкендердин арасында Айгерим Зуатдинова да бар. Ал коддор, алгоритмдер жана
технологиялар аркылуу жаңы тарых жазууда. Мектепте окуп жүргөндө эле ITге
кызыгып калган. Азыр ал программалоо тилин билет жана жасалма интеллекттин
жардамы менен да тапшырмаларды ийгиликтүү аткарат.
Айгерим Заутдинова, студент:
- Биз колледжде окуйбуз, ошондуктан көп учурда код жазууга же таблицаларды
түзүүгө туура келет. Жасалма интеллект бул процесстерди абдан жеңилдетет.
Которгон: Назира Бегалиева

